Ошто унаа менен каналга түшүп кеткен жаран куткарылды

  • 2 года мурун

Ошто унаа менен каналга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

18-октябрь түнкү саат 03:30дар чамасында ӨКМге Кулматов көчөсүндө “Lexus S933” үлгүсүндөгү унаанын ээси рулга ээ боло албай Увам каналына оодарылып, түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жерине барган учурда унаанын ичинде жаран бар экендиги аныкталган. ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, 25 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочусун каналдан чыгарышты. Учурда абалы жакшы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты