Ошто унаа айдап качканга шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ошто унаа айдап качканга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

4-октябрда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына 1969-жылы туулган С.М. аттуу жаран Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган арыз менен кайрылган, анда белгисиз адамдар саат 23:00 чамасында Ош шаарындагы Ленин атындагы мектептин жанында токтоп турган “CHEVROLET LANOS” уурдап кеткен деп кайрылган.

Ошол эле күнү, Ош шаардык ИИБ тарабынан катталып, автомототранспорт каражаттарын айдап качуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүшүп, анын натыйжасында Кара-Суу районунун ВЛКСМ айылында уурдалган унааны сатуу учурунда мурда соттолгон (уурулук үчүн) 1990-жылы туулган Б.И. атту жаран кармалды. Жеке текшерүү учурунда Б.И. жарандын чөнтөгүнөн буюмдук далил катары жогоруда көрсөтүлгөн унаанын ачкычы жана сатууга алдын алал алынган 10 миң сом табылган. Учурда кармалган жаран мурда жасалган кылмыштарга карата аныктоо боюнча зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалган Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты