Ошто «Туристтик сезон-2022» аталышындагы иш чара өткөрүлдү

  • 2 года мурун

Ошто «Туристтик сезон-2022» аталышындагы иш чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош ОИИБ боюнча ЖКККБ техникалык көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери тарабынан туристтик сезон башталганына байланыштуу коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында, туристтерди ташуу менен алектенишкен «Ниет-Р», «Жооштранс», «Амантранс»,»Кашкартранс» коомдорунун транспорт каражаттарынын абалы текшерилди. Текшерүү учурунда туристтерди ташууда күн сайын ишке чыгуунун алдынан өкмөттүн 2013-жылдын 23-сентябрдагы 519-токтомунун негизинде медициналык жана техникалык кароодон өтүүлөрү жөнүндө түшүндүрүү профилактикалык иштер жүргүзүлдү.Ошондой эле айдоочулук адистикке даярдоочу окуу жайлардын транспорт каражаттарын көздөн өткөрдү.Мында окуган жарандарды үйрөтүүчү техникалык каражаттарды техникалык оң эмес абалда пайдаланып, коопсуздук эрежесин сактабагандыгы жана кол алдындагыларды көзөмөлгө албаганды үчүн «ЮКСМ» жоопкерчилиги чектелген коому жана «Эгемен Плюс» автомектептин жетекчилерине Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндөгү» Кодексинин 182-берененин 7-бөл. негизинде 28000 сом айып пул салынды. Мындай иш чара башка аймактарда да улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты