Ошто турак үйдөн чыккан өрттүн себеби такталууда

  • 2 года мурун

Ошто турак үйдөн чыккан өрттүн себеби такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кара-Суу шаарындагы Д. Чотонов көчөсүндө А.Б.га таандык үйдөн өрт чыккандыгы 112 кызматы аркылуу түшкөн. Ошол замат 2 бөлүктөн куткаруучулар тартылып, жалпы аянты 508 чарчы метрге жеткен өрт толугу менен өчүрүлдү. Тилекке каршы, тилсиз жоо 3 турак үйдү кучагына алып, 5 бөлмө, 2 телевизор, 2 диван, 8 килем, ал эми Р.И.ге таандык турак үйдөн телевизор, муздаткыч, 4 килем жана Р.Р.га таандык турак үйдөн дагы телевизор, муздаткыч жараксыз абалга келген. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жана зыян келген эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты