Ошто турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды
- 8 месяцев мурун
Ош шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:18де Ош шаардык №29 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 07:27де Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм,саат 07:53дө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.
Өрт саат 08:17де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү