Ошто таштандыларды ылголоочу дагы бир аянтча пайдаланууга берилди

  • 12 месяцев мурун

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө «Аманат Сити» курулуш компаниясынын демилгеси менен таштандыларды ылголоочу жаңы аянтча ачылып, «Ош-Тазалык» адистештирилген муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мындай саамалык үлгү болушу керектигин, жарандарга шарт түзүп берүүдө жеке тараптардын колдоосу маанилүү экендигин билдирди.

Аталган компания таштандыларды ылголоочу аянтчаны жалпы 300дөн ашык квартиранын жашоочулары үчүн ылайыкташтырып курушкан. Мындай аянтчалар компания тарабынан курулуп жаткан жаңы үйлөрдүн жанында дагы орнотулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты