Ошто тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 7-ноябрда Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу болду.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Майрам 2017-жылы негизделген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты