Ошто тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр орнотула баштады
- 2 года мурун
Ош шаарында тамак-аш калдыктарын салуучу үкөктөр коюла баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун алкагында тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр «Курманжан-Датка», «Манас-Ата», «Сулайман-Тоо» жана «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанына орнотулууда.
Шаардык мэриядан бул үкөктөр жеке ишкерлер тарабынан жасалып берилгендигин кошумчалашты.
Муну бөлүшүү