Ошто «Түштүк Экспо – 2022» көргөзмө-жарманкеси башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-августта Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы драма театрында «Түштүк Экспо – 2022» Эл аралык көзгөзмө-жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Беларусь Республикасынын вице-премьер-министри Анатолий Сивак баштаган делегация, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зияйдин Жамалдинов, Сода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов, ишкерлер катышты. Бакыт Төрөбаев бул иш-чаранын соода жүгүртүү тармагындагы маанисине токтолуп, көргөзмө ата-мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүшчүлөр үчүн бизнес аянтча катары чоң салым кошоорун белгиледи.

«Түштүк Экспо – 2022» көргөзмө-жарманкеси эл аралык соода экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларын экспорттоого көмөктөшүү менен сырттан инвестиция тартууну көздөйт.

Иш-чарага жалпысынан Кыргызстандын 7 облусунан 40тан ашык жана башка өлкөлөрдөн 50дөн ашуун компаниялар катышууда. Көргөзмо-жарманке 15-16-сентябрь күндөрү өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты