Ошто түнкү клубда мушташка катышкан УКМКнын кызматкери иштен алынды

  • 2 года мурун

Ошто түнкү клубда мушташка катышкан УКМКнын кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2-январда Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде УКМК кызматкеринин катышуусунда мушташ болгон. Бул боюнча УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Натыйжада коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты