Ошто стол тенниси боюнча республикалык чемпионат башталды

  • 9 месяцев мурун

Ошто стол тенниси боюнча республикалык чемпионат башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, Ош шаарында эркектер жана аялдар арасында стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатына старт берилди. Мелдештин ачылышына Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар, күйөрмандар катышты.

20-21-октябрда өтө турган чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашык курама командалары катышып, күч сынашат. Жеңүүчү деп аталган командалар дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышат. Стол тенниси боюнча республикалык чемпионат Ош шаарында алгачкы жолу өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты