Ошто өспүрүмдөр арасындагы жаңжал: шектүүлөр аныкталды, тергөө уланууда

Ош шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жаңжал боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү 1988-жылы туулган Ж.Ы. милицияга кайрылып, ошол эле күнү саат 20:30 чамасында Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз жаран өзүнүн баласы менен бирге анын 2011-жылы туулган уулуна денесине залал келтиргенин билдирген.

Аталган факт Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада окуяга тиешеси бар адамдар — 1982-жылы туулган П.А. жана анын 2011-жылы туулган уулу Н.Н. экендиги аныкталып, алар тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча тергөө иштери уланууда. Топтолгон материалдардын негизинде окуяга юридикалык баа берилет.

Сүрөт: Ош ШИИБдин Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты