Ошто соода объектилериндеги кассалык аппараттарды текшерүү боюнча рейд жүргүзүлүүдө

  • 2 года мурун

Ош шаарында соода объектилериндеги кассалык аппараттарды текшерүү боюнча рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейдге Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Майрамбек Карыбеков, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, Сулайман-Тоонун кызматкерлери чыкты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге аппараттарды орнотуу жана колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддин алкагында Ленин жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн боюндагы 20дан ашык жай текшерилип, анын биринде салык органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болуп чыкты. Бул факты боюнча тиешелүү акт түзүлдү.

Мындай иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда үзгүлтүксүз уланат. Жалпысынан Ош шаары боюнча ушул жылдын 1-сентябрына карата 10282 контролдук-кассалык машина катталса, анын 9255и программалык, 1027си аппараттык.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты