Ошто Сириядагы террордук топ менен байланышы бар эки жаран эркинен ажыратылды

  • 2 года мурун

Ош шаарында Сириядагы террордук топ менен байланышы бар эки жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ошто милиция кызматкерлери белгисиз жарандар интернет тармактары аркылуу Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмга таандык материалдарды жайылтып жүргөнүн жана  Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп жүргөн жарандар менен байланышы бар экенин аныкташкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында  Кара-Суу районунун 1958-жылы туулган  К.К.жана 1975-жылы туулган А.И. аттуу тургундары кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө  шектүүлөрдүн социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланган фото-видео, текст түрүндөгү материалдарга экспертиза дайындалган. Диний жана лингвистикалык экспертиза кызматынын берген корутундуларына ылайык, алардын диний-экстремисттик материалдар жана чет өлкөдөгү диний экстремисттер менен байланышы бар экени аныкталган.

19-августта козголгон кылмыш иши боюнча кароо аяктап, К.К. бир  жылга жана А.И.  эки жылга эркинен ажыратылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты