Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 9-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Жогорку Кеңештин бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктар боюнча штабдык жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга Ош шаарындагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, билим берүү, саламаттыкты сактоо, прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана жетекчилери катышты.

Негизги маселе катары 28-апрелде өтүүчү шайлоону уюштурууда коопсуздукту камсыздоо, мыйзам бузууларга жол бербөө, майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна, ошондой эле шайлоо участкасында өзгөчө шарттарды түзүүгө муктаж болгондорго ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча айтылды.

Мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев шайлоону мыйзам талабына ылайык өткөрүү зарылдыгын билдирип, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, жарандарга шайлоого тийиштүү шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты