Ошто селдин кесепетинен бир адам каза болду

  • 3 месяца мурун

Ошто селдин кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Сел жүрүп жатат. Тынбай акыркы 4 күн жааган жаандын кесепети оор болду. Бардыгы көзөмөлдө. Жоготуу болду, бир адам каза болду. Ал айдоочу болчу, жүргүнчүлөрдү чыгарып калдык», — деди Бообек Ажикеев.

Эске салсак, Ош облусунун облустарында сел жүргөн. Мындан улам Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты