Ошто сел каптаган аймактарга электр жарыгы толук берилди

  • 2 месяца мурун

Кечээ 16-июлда сел каптаган аймактарга толук кандуу жарык берилди.

Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.

2024-жылдын 14-июлунда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен 7500 керектөөчү жарыксыз калып, 8 электр тирөөчтү сел агызып кеткен.

Учурда 7500 абонентке толук кандуу жарык берилди. 4 трансформатор жеке менчик болгондуктан калган 25 керектөөчүгө электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө.

Мындан тышкары Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТи тейлеген Ош шаарындагы “Центр” көмөк чордонунун ЭлТР фидеринен 1 даана, “Катта-Сай” көмөк чордонунун Дача фидеринен 10кВ электр мамычасы сынып, агып кеткен.

Азыркы учурда электр тирөөчтөрү калыбына келтирилип, жаңы тирөөчтөр коюлду. Ошондой эле “Төлөйкөн” көмөк чордонунун Түндүк фидерине чагылган түшүп, трансформаторду алмаштыруу иштери жасалууда.

14-июлда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылында 7500 керектөөчү жарыксыз калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты