Ошто сел агызып кеткен эки кыздын сөөгү Өзбекстандын Шахрансой сайынан табылды

  • 2 месяца мурун

Өзбекстан өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Хожоабад райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн маалыматына ылайык, Анжиян  шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 2005-ж.т. Н.М. жана 2014-ж.т. Н.М. аттуу кыздардын сөөгү саат 14:30да табылган.

Бул тууралуу Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кыздардын сөөгү коңшу өлкөнүн ИИМ кызматкерлери тарабынан Анжиян шаарына жеткирилген.

Бүгүн, 15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Андан мурдараак 6 жашар кыздын сөөгү табылган.

Ошто 14-июлда селде кыздары менен агып кеткен 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген. Бул тууралуу маркумду тааныгандар «Азаттыктын» кабарчысына айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, келиндин төрт баласы бар. Күйөөсү менен кенже уулу аман калып, аялды үч кызы менен сел агызып кеткен.

Издөө иштерине куткаруучулар менен ИИМ, Коргоо министрлигинин кызматкерлери да тартылган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты