Ошто өрттөн жабыркаган үй мэрия тарабынан калыбына келтирилет

  • 8 месяцев мурун

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, бүгүн, таңга жуук Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча жеринде тиешелүү кызматтар менен чогу иш алып барууда.

Өрттөн жабыркаган үйдүн оңдолушун мэрия толугу менен колго алды.  Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев төмөнкүлөргө токтолду:

Мага Президентибиз Садыр Нургожоевич күйүп кеткен үйдүн чатырын, жабыркаган батирлерди толук калыбына келтирип, жеке көзөмөлүңө ал деп тапшырманы берди. Баарын мэриянын эсебинен бүткөрүп беремин. Кыжалат болбоңуздар, башкысы жашоочулар аман”, — деди ал.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркаган аймактардын реконструкциясы толугу менен жергиликтүү бийликтин эсебинен жүргүзүлөрү белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты