Ошто өрттүн кесепетинен 61 жаштагы жаран каза болду

  • 1 год мурун

Ошто өрттүн кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкат айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 08:43тө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:04тө чектөөгө алынып, 09:27де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты