Ошто опузалап талап кылуу менен алектенгенге шектелгендердин тобу кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ошто опузалап талап кылуу менен алектенгенге шектелген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынна билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын операциянын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер Ош шаарынын тургунунан акча каражатын опузалап талап кылууга шектелген беш адамды кармашкан.

«Жабырлануучунун айтымында, түн ичинде бейтааныш адамдар анын үйүнө келишип, үйүнөн “баңгизат таап алуулары мүмкүн” деп коркутушуп, 100 миң сом талап кылышкан. Алардын бири күч түзүмдөрүнүн биринин күбөлүгүн көрсөткөн. Талаптар аткарылбаса, белгисиз адамдар жабырлануучуга физикалык зомбулук менен коркутушуп, ниетинин олуттуулугун ырастоо үчүн “Мазда-323” үлгүсүндөгү унааны тартып алышып, толук сумманы төлөп бергенден кийин унааны кайтарып берүүнү убада кылышкан. Эртеси жабырлануучу бүт сумманы чогултуп, 100 000 сомду опузалоочуларга берген. Бирок, эки жумадан кийин шектүүлөр Ош шаарынын тургунунан 100 000 сомду кайра талап кылышкан. Жабырлануучу милицияга кайрылган. Топтолгон материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Опузалап талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголгон», — деп жазылат маалыматта.

Ыкчам иштердин жүрүшүндө опузалап талап кылган жарандар азырынча талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгону аныкталган.

Ош шаарында акча каражатын накталай алып жаткан жеринен шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал 1999-жылы туулган А.С. экени аныкталып, андан күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкеринин жасалма күбөлүгү табылып алынган.

Андан сырткары, ыкчам кызматкерлер опузалап талап кылууга шектүү болгондагы төрт адамды кармашты: 2000-жылы туулган А.О. менен С.О., 1969-жылы туулган Я.А. жана 1981-ж. О.А.. Баары Ош шаарынын тургундары болушат.

Учурда жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенип, текшерилип жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты