Ошто Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата иш-чаралар өтөт

  • 1 год мурун

Ошто Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган кыргыз күрөш боюнча мелдештин ачылыш аземине катышты.

Акылбек Жапаров 31-августта Ош шаарында мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган масштабдуу иш-чаралар өтөөрүн белгиледи.

“Насирдин Исанов мага рухий жактан абдан жакын адам болчу. Мыкты стратег, экономика илимдеринин доктору, ал бүт өмүрүн Кыргызстандын элине кызмат кылууга арнаган. Анын ысымы өлкөбүздүн тарыхында түбөлүккө сакталат”, — деген Акылбек Жапаров, мелдешти уюштурган демилгечилерге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Жапаров турнирдин уюштуруучуларына Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Белгилей кетсек, мелдештер Ош облусунун Ноокат районундагы “Сахаба” стадионунда өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты