Ошто нандын баасын жогорулатпоо маселеси каралды

  • 10 месяцев мурун

28-сентябрда Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов нан сатуучулары менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда ата-мекендик ун өндүрүүчүлөр чыгарган ундан жасалган нандын баасын негизсиз жогорулатпоо, туруктуу кармоо боюнча чогу иш жүргүзүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле жергиликтүү жана Казакстанда өндүрүлгөн ундан жасалган нандардын айырмасы дээрлик жок экени белгиленди.

Нан өндүрүүчүлөргө сыноо иретинде 10 күндүн ичинде экономика жана коммерция министрлиги тарабынан бекитилген баада (бир кабы 1500 сом) жергиликтүү унду сатып алуу, нанды мурунку баасында кармоо сунушталды. Жыйынтыгы менен кайрадан жолугушуу уюштурулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты