Ошто мыйзамсыз сакталган куралдар алынды

  • 5 месяцев мурун

Ошто мыйзамсыз сакталган куралдар алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу, жана жардыруучу заттарды этиятсыздык менен сактоо шарттарын карап чыгуу максатында облус аймагында «Арсенал» аталышында ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрдү.

Анда кызматкерлер ички иштер органдарында каттоодо турган атуулдардын куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме, уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшеришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө алынган ыкчам маалыматтардын негизинде мыйзамсыз сакталган 12 даана ок атуучу курал жана 234 даана ок дарылар алынды. Аларга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 126000 (жүз жыйырма алты миң) сом айып салынды.
3 даана курал жараксыз абалга келгендигине жана 2 даана курал ээси каза болгондугуна байланыштуу башкармалыктын карамагына алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты