Ошто мыйзамсыз сакталган 52 миң литр күйүүчү май табылды

  • 1 год мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайдын аймагынан мыйзамсыз сакталган 52 миң литрге жакын күйүүчү май табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматынын маалыматына караганда, күйүүчү май табылган дизель майын ташыган жүк ташуучу унаадагы пломбалар алынып салынып, цистерналардагы салык органы койгон контролдук пломбалар бузулган. Ошондой эле күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес.

Жалпысынан 51 миң 893 литр май табылган.

Учурда аталган факты боюнча андан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты