Ошто милиция кызматкерлери майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө даярданууда

  • 11 месяцев мурун

Ош шаарында милиция кызматкерлери майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө даярданууда. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

25-август күнү Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жана райондук Ички иштер бөлүмдөрүнө 31-август- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн белгиленишине жана 1-сентябрь — Билим күнүнө карата облус аймагында өткөрүлүүчү салтанаттуу иш-чаралар учурунда өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү.

Аталган саптык кароодо ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты