Ошто “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо иш-чарасы өтөт

  • 4 месяца мурун

Эртең, 12-апрель күнү саат 8:30да борбордук аянтта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо иш-чарасы башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Масштабдуу спорттук иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алат. Активдүү катышкандар байгелүү белектер менен сыйланат.

Иш-чаранын алкагында акысыз медициналык анализ жүргүзүү жана кеңештерди берүү үчүн көчмө лабораториясы дагы иштейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты