Ошто мечитте уурулук менен алектенген жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ошто мечитте уурулук менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февраль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ноокат районунун 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда саат 13:30 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы мечитке намаз окуганы кирип, илип койгон курткасынын ички чөнтөгүндөгү капчыгынан паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, банк карточкаларын жана акча каражатын (150 АКШ долларын, 17000 сомун, 5000 рублин жана 10 000 өзбек сумун) белгисиз бирөө уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган арыз каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1996-жылы туулган Р.И. кармалып, камакка алынды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты