Ошто массалык уулануудан кийин соода түйүндөрүндө текшерүү башталды

  • 4 жума мурун

Ош шаарынын санэпидкөзөмөл борбору калаадагы бардык соода түйүндөрүндө атайын рейд жүргүзүп баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Адистер мөөнөтү өткөн жана этикеткасы жок азыктарды күркөлөрдөн алып жатышат. Тез бузулуучу жана сүт азыктарына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

1-майда Кара-Суудагы “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган. Алардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. 3-майда облустук ооруканадан алардын абалы жакшы экенин билдиришти.

Цехтин ээсине 7500 сом, бузулган таттуу токочту саткан дүкөн ээлерине 1000 сомдон айыппул салынып, беш миң кондитердик азык сатыктан алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр