Ошто лифт аварияга учурап, бир адам каза болду
- 1 год мурун
Ош шаарында лифт аварияга учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«4-октябрь күнү 112 кызматынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнө чалышып, Ош шаарынын К.Датка көчөсүнүн №370-дарегинде жайгашкан жаны салынып бүткөн көп кабаттуу үйүнүн лифти катуу төмөн карай түшүп, ичинде бир адам калып кеткендигин билдирген.
Аталган маалымат ошол эле замат Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо МБнүн маалымат эсептик журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Сулайман-Тоо МБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөн учурда көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө лифт түшкөн жеринде азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жансыз дене Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 1984-жылы туулган Ж.Р. экендиги аныкталган. Ал 2 ай убакыттан бери Ош шаарынын К.Датка көчөсүнүн 370-үйүнүн лифттин оңдоп, иштеп жүргөн.
Азыркы учурда маркумдун каза болуусунун себептерин тактоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалып, аталган даректин видео байкоо камераларынын эске тутуу блогу алынган.
Каза болгон адам тууралуу маалымат:
Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 1984-жылы туулган Ж.Р. үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Ош шаарынын К.Датка көчөсүнүн 370-үйүн курган компания менен келишимдин негизинде лифт оңдоочу болуп иштеп жүргөн», — деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.