Ошто Кыргызстан айым-режиссёрлорунун кинофоруму өтөт

  • 1 год мурун

Ошто Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофоруму өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан, акын Жусуп Турусбековдун кызы, советтик кыргыз режиссёр айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата Кыргызстан айым-режиссёрлорунун Кинофоруму уюштурулат.

Кинофорум Швейцария өкмөтүнүн, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө. Кинофорумга Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан дан келген 14 айым-режиссёрлордун көркөм жана даректүү тасмалары көрсөтүлөт. Кинофорумдун алкагында Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан келген киночулар тарабынан мастер-класстар, семинарлар, ата мекендик кинематографисттердин катышуусунда талкуулар уюштурулат. Кинофорум 11-12-13-14-май күндөрү өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты