Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү урап түштү

  • 12 месяцев мурун

Ош шаарындагы Абсамат Масалиев жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү урап түштү. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев билдирди.

«Жөө өтмөк кулап түштү, көпүрө кулады деген маалыматтар тарап жатат. Өтмөктүн бетон куйган тарабы турат. Эч нерсе болгон жок. Азыр айтылып жаткан жер бетон куюу учурунда бир бөлүкчөсүндө техникалык мүчүлүштүк болуп, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калган. Өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген эмес«, – деп айтылат маалыматта.

Шумкарбек Пайзиев келтирилген чыгымды куруучу компания өз жоопкерчилигине алганын кошумчалады.

Социалдык тармактарда 5-августка караган түнү аталган өтмөктүн бир бөлүгүндөгү курулуш урап калганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты