Ошто кримтоптун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапты

  • 2 года мурун

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза болду, дагы бирөө реанимацияга жеткирилди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, каза болгон жаран Баткен облусунун 30 жаштагы тургуну болгон.

Ал эми жабырлануучу Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну. Ал учурда Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат.

Милиция эки жаран тең кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганын билдирди.

Аталган факты каттоого алынып, учурда шектүүлөр изделүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты