Ошто каракчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ошто каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жараны 1991-жылы туулган Н.Б. Ош облусунун ички иштер башкармалыгына арызы менен кайрылган. Анда ушул жылдын 14-февралда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы үйүнөн шериги М.Д. экөөн тааныштары алдап алып кеткен. Араван районуна алып барып, бир күн кармап жатып, күч колдонуп коркутуп, бычак сайып жиберген. Андан кийин коркутуп 5 миң доллар котортуп алгандыгын билдирген. Аталган арыз Ош ОИИБге катталып, тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин КИББдин үчүнчү башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери менен УКМК кызматкерлери биргеликте аткарылган иш аракеттердин негизинде кылмыш иши боюнча шектүү кармалган. Ал Ош облусунун Араван айылынын 1997-жылы туулган тургуну М. уулу У. экендиги такталып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда калган кылмыштуу шериктерин кармоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты