Ошто кайненесин сабаганга шектелген жаран камакка алынды

  • 2 года мурун

Ошто кайненесин сабаганга шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинир басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө   Мады айыл аймагынын 1960-жылы туулган И.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда  29-ноябрь күнү 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу күйөө баласы ур-токмокко алгандыгын билдирген.  Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 

Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, ден-соолукка атайын жеңил зыян келтирилгендиги аныкталган. 

Жабырлануучунун 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу күйөө баласы тергөө кызматына жеткирилип, анын үстүнөн  Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 57-беренесинин (Ден-соолукка атайын жеңил зыян келтирүү) негизинде материал топтолуп, райондук соттун кароосуна жиберилген. 

11-декабрь күнү 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран Кара-Суу райондук соту тарабынан 7 суткага  камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты