Ошто көп кабаттуу турак жай курууга мыйзамсыз корутунду берген аткаминерлерге кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Ош шаарында регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери А.Масалиев жана Алай көчөлөрүндөгү көп кабатуу үйлөрдү курууга мыйзамсыз корутунду бергени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызмат кабарлады.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери «Ж-Э” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан А.Масалиев жана Алай көчөлөрүндөгү көп кабаттуу турак үйлөргө мыйзамсыз архитектуралык-шаар куруу корутундусун беришкени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты