Ошто көк бөрүдөгү жаңжалга байланыштуу беш кишиге кылмыш иши козголду

  • 9 месяцев мурун

Ошто көк бөрү оюнундагы жаңжалга байланыштуу 39 адам облустук милицияга алып келинип, сурак берди. Беш жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде («Бейбаштык») кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу «Азаттык» облустук милициянын басма сөз кызматына таянып жазды.

Маалыматка караганда, кармалгандар 23 жаштан 51 жашка чейинки Ноокат, Араван жана Өзгөн районунун тургундары.

Мындан сырткары 27 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси боюнча («Майда бейбаштык») протоколдор түзүлдү.

Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери улантылууда.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаңжалда жети адам жараат алган жана алардын бири ооруканага жаткырылган.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алган.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты