Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду
- 12 месяцев мурун
Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 03:36да Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөө Араван районунун Араван, Көчүбаев, Мангыт, Жаңы-Араван айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү