Ошто үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран милицияга жеткирилди
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Ош шаарында социалдык тармактарда тараган видео боюнча балдарын жана жубайын сабоого шектелген жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-июлда Instagram социалдык тармагында Жапалак айыл аймагынын Орке айылында катталган делген үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу видео жарыялаган. Анда ата-эне балдарын урушуп, уруп жаткан учурлар тартылган. Ошондой эле аял киши өзүн видеого тартып, күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынгандан кийин денесиндеги көгөргөн жерлерин көрсөткөн.
Аталган факт ошол эле күнү милициянын маалыматтык журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө видеодо көрсөтүлгөн жарандар Ош шаарынын тургундары экени аныкталган. Алар — 1990-жылы туулган эркек жаран, анын 1996-жылы туулган жубайы жана алардын жашы жете элек уулу.
Ошондой эле текшерүү учурунда видеодо чагылдырылган окуя 2023-жылдын 22-декабрында тартылганы такталган. Учурда жубайлар чогуу жашабай турганы белгилүү болуп, аял киши милицияга арыз жазуудан баш тарткан.
Ошого карабастан, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу бардык жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү аныктоо максатында текшерүү иштери уланууда. Милиция социалдык тармактарда тараган ар бир маалымат мыйзам чегинде милдеттүү түрдө текшерилерин белгиледи.




