Ошто «үй алып берем» деп жарандарды алдаганга шектелгендер кармалды

  • 12 месяцев мурун

Ошто «үй алып берем» деп жарандарды алдаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Араб фондунан» үй алып беребиз» дешип элди алдаган топтон жабыркагандардын саны 74 адамга жетти. Жабырлануучуларга келтирилген чыгым 75 миллион сомдон ашкан.

«Арабдар берген үйдү» алууга ниеттенип акча салгандардын эӊ азы-350 миӊ болсо, эӊ көбү-11 миллион сомду түзөт. 350 миӊ сом берген адамга Ош шаарындагы И.Монуев көчөсүндөгү мурда өздөрү алдын ала убактылуу жалдап алышкан батирди көрсөтушүп, «ушул батирди беребиз» деп алдап акчасын алышкан. Ал эми 11 миллион сом берген жаранга Ош шаарынан көп кабаттуу үйдөн батир, дүкөн жана жер үй убада кылышкан. Жабыркаган жарандардын көпчүлүгү Ош шаарынын, Ош, Баткен облустарынын тургундары», — деп жазылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул алдамчылыктарга шектүү катары 3 жаран кармалышкан. Алар 1995-жылы туулган М.А., 1985 жылы туулган С.Г. жана 1984-жылы туулган Н.К. Шектүүлөр 24-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

26-июль күнү Ош шаардык соту тарабынан үчөө теӊ үй камагына чыгышкан. Бул жарандардын үстүнөн учурда алдамчылык беренеси (209-берене)менен тергөө иштери уланууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жогорудагы шектүү жарандардан жабыркагандар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты