Ошто издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 7 месяцев мурун

Ош шаарынан милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынан милиция кызматкерлери, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча издөөгө жарыяланган Ош облусунун тургуну А.А. коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармады. «Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жүргөн.

Белгилей кетсек, ага карата 2021-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты