Ошто издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 6 месяцев мурун

Ош шаарында милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарында буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөгө жарыяланган Т.Т. аттуу жаран, коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды. Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жургөн.

Белгилей кетсек, ага карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты