Ошто Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Кытайдын эки жараны кармалды

  • 2 года мурун
Ошто Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Кытайдын эки жараны кармалды

Ош шаарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кытайдын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

6-декабрда Интерполдун Кыргызстандагы улуттук бюросу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды кармоо боюнча биргелешкен ыкчам издөө иш-чарасын өткөргөн. Анын алкагында Ош шаарынын аймагында Кытайдын L.Y. жана SH. G. аттуу жарандары кармалган.

Кармалган адамдар 2020-жылдан бери экономикалык кылмыштар үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Алар Кытай Эл Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (Калктан аманаттарды мыйзамсыз тартуу) боюнча айыпталууда.

ИИМ билдиргендей, айыпталуучулар 40тан ашык адамдан алдамчылык жолу менен 17,44 млн юань (болжол менен 2,5 млн АКШ доллары) тартып алышкан.

Учурда кармалгандар Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү органдар айыпталуучуларды экстрадациялоо маселесин карап жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты