Ошто эки окуучу кыз көп кабаттуу үйдүн чатырынан кулап, бирөө көз жумду

  • 2 года мурун

Ош шаарындагы беш кабаттуу үйдүн чатырынан эки окуучу кыз боюн таштап, бирөө көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, 17-март саат 13:30дар чамасында Ош облустук ооруканасынан милицияга Карл Маркс атындагы орто мектептин 7-классынын эки окуучусу А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштап жибергени тууралуу маалымат түшкөн.

Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон. Экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты