Ошто Эгемендүүлүк күнүнө жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата гала-концерт өттү
- 11 месяцев мурун
31-августта Ош шаарынын башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендик майрамына жана көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концерт өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
Концерт дрондордун шоусу, ошондой эле майрамга арналган театралдаштырылган пролог менен башталды.
Өлкө башчысы Жапаров кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы жана көрүнүктүү ишмер Насирдин Исановдун туулган күнүнүн мааракеси менен куттуктады.
Ошондой эле маданият ишмерлеринин жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.
Муну бөлүшүү