Ошто дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты

  • 1 год мурун

Ош шаарында дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош эл аралык аэропортунда кадеттер арасында дзюдо боюнча Азия кубогунун күмүш медалынын 73 килограмм салмактагы жеңүүчүсү Нурмухаммед Муратов менен бул турнирдин +78 килограмм салмак боюнча коло медалынын ээси Акмаржан Турдажиеваны салтанаттуу тосуп алышты.

Ага шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана алардын жакындары катышты. Салтанаттын алкагында шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери спортчуларды медалдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Белгилей кетсек, 6-9-апрелде Алматы шаарында дзюдо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия кубогу өткөн. Ош шаарынан Нурмухаммед Бакиров дагы 73 килограмм салмакта коло медаль тагынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты