Ошто диний экстремисттик агымынын мүчөсү кармалды

  • 11 месяцев мурун

Ошто диний экстремисттик агымынын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кыызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун аймагында “Самира” (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран террористик жана экстремисттик материалдарды таркаткандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча маалыматтык электрондук журналына катталып, аныктоо иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Самира социалдык тармактардан аял кишилердин кийим кечелерин сатуу учурунда террористик жана экстреммисттик чакырыктарды (Нашида) жайгаштырып таратып жүргөндүгү белгилүү болгон. Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык изилдѳѳгѳ берилген материалдарда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмуна мүнѳздүү материалдар экендиги такталган Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу ) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү деп 21 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну С.А.,экендиги такталып, тергѳѳ кызматына алынып келинген. Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты