Ошто “Динат” ресторанынын тосмолорун бузулуп, ордуна тротуар курулат

  • 2 года мурун

Ош шаарында “Динат” ресторанынын тосмолорун бузулуп, ордуна тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

2022-жыл – Ош шаарында тротуар жылы деп жарыяланганына ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тротуарларды куруу боюнча бекитилген планынын алкагында Б.Осмонов көчөсүнүн Абдыкадыров көчөсүнөн Нышанов атындагы мектепке чейинки аралыгына тротуар куруу иштери башталды. Даярдык иштеринин алкагында учурда тротуарга тоскоолдук жараткан обьекттер алынып, анын ичинде “Динат” ресторанынын тосмолору да бузулууда. Жасалуучу тротуардын узундугу 840 метр, туурасы 3 метрди түзөт. План боюнча иш июль айынын аягына чейин бүтүшү керек.Жалпысынан быйыл Ош шаарында 38 көчөнүн боюндагы тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Буга чейин Абакир уулу Төрөбек көчөсүнө (1150 метр), Аматов көчөсүнө (1000 метр), Төлөнов көчөсүнө (1600 метр) тротуарларды куруу иштери башталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты