Ошто Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалы өтөт

  • 1 год мурун

17-21-май күндөрү Ош шаарында Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жетинчи ирет өтө турган дүйнөлүк фестиваль Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жана казак элинин жазуучусу, окумуштуу, коомдук ишмер Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.

Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения, Иран, Пакистан, Франция, Швеция, Испания, Япония, Монголия, АКШ, Беларусь, Эстония, Латвия, Индия, Абхазия, Башкортостан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия жана Чечен Республикаларынын өкүлдөрү катышуу ниетин билдирди.

Фестивалды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Арт Араба» коомдук фонду өткөрөт. Иш-чаранын негизги өнөктөштөрү — КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги жана Ош шаарынын мэриясы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты