Ошто чет өлкөлүк жарандар калкка мыйзамсыз медициналык кызмат көрсөтүп келгендиги аныкталды

Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен бирге медициналык кызмат көрсөтүүгө адистешкен чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт койду.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1984-жылы туулган Өзбекстан жараны Э.О.А, 1975-жылы туулган  Египеттин жараны А.М.Е.нин мүмкүнчүлүгүн тартуу менен Ош шаарындагы жеке үйдө «Ойдин» аталышындагы ден соолукту чыңдоочу борбор уюштурган. Анда Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты жана тиешелүү лицензиясы жок медициналык кызматтардын айрым түрлөрү (ички органдардын ооруларын диагностикалоо, фитотерапия, хижама, массаж ж.б.) көрсөтүлгөн.

Аталган факты боюнча материалдар электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошто чет өлкөлүк жарандар калкка мыйзамсыз медициналык кызмат көрсөтүп келгендиги аныкталды
Ошто чет өлкөлүк жарандар калкка мыйзамсыз медициналык кызмат көрсөтүп келгендиги аныкталды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты